Ош шаарында эртең жалпы ишембилик өтөт

Эртең, 31-октябрь күнү Ош шаарында муниципалдык мекеме-ишканалардын, шаар тургундарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана жеке ишканалардын катышуусунда жалпы ишембилик өтөт.   Ош шаардык мэриясы эртеңки ишембиликке жарандарды активдүү катышууга чакырат.   «Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аралыкты сактап, беткап тагууну унутпаңыз! Коммуналдык кызмат тарабынан таштандыларды алып чыгып кетүүгө… Кененирээк…

Google компаниясы өзүнүн “темир” продукцияларынын упаковкаларынан пластикти толугу менен алып салуу ниетинде

Google компаниясы өзүнүн “темир” продукцияларынын упаковкаларынан пластикти толугу менен алып салуу ниетинде. Бул 2025-жылга чейин аткарылат. Корпорация мунун менен чектелип калбайт.   Алсак, жакында эле тартууланган Pixel 5 смартфонунун арткы бети кайра иштетилген алюминийден жасалды. Ал эми Nest Audio акылдуу колонкасы 70 пайызга кайра иштетилген… Кененирээк…

20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоолор толугу менен жокко чыгарылды

20-декабрга белгиленген парламенттик шайлоолор толугу менен жокко чыгарылды. Жогорку сот парламенттик шайлоону кайра өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын апелляциялык арызын карабай, артка кайтарды.   Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди. Жогорку соттон түшүндүрүшкөндөй, буга кассациялык даттануунун мөөнөтү өтүп кеткени себеп болду.   Эске салсак,… Кененирээк…

Рахмон бешинчи президенттик мөөнөтүнө расмий киришти

Тажикстанда дээрлик 28 жылдан бери башкарып келе жаткан Эмомали Рахмон ант берип, бешинчи президенттик мөөнөтүнө расмий түрдө киришти. Инаугурация 30-октябрда өкмөттүк «Кохи Сомон» резиденциясында өттү.   Рахмон инаугурациялык сөзүндө жакынкы жети жылда Тажикстан толугу менен энергетикалык өз алдынчалыкка жетишип, коммуникациялык туңгуюктан чыгарын, транзиттик өлкөгө айланарын… Кененирээк…

Бишкектиктердин коопсуздугун камсыздоо уланууда

Бишкектиктердин коопсуздугун камсыздоо уланууда. Мэриядан билдиришкендей, Ленин районунда видео байкоо камералар орнотулуп баштады. Көзөмөл Сухомлинов, Жунусалиев, Жаманбаев көчөлөрүн жана Чыңгыз Айтматов проспектисин бириктирген бөлүктө пайда болот.   Жалпысынан, аймакка 70 камера орнотулмакчы. Буга чейин “Коопсуз район” долбоорунун алкагында 72 видео камера 6-кичи райондо дагы пайда… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын 24 пайызында электр энергиясына туруктуу мүмкүнчүлүгү жок

Кыргызстан калкынын 24 пайызында электр энергиясына туруктуу мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөнүн басымдуу бөлүгү электр тармактарына кошулганы менен, алардын айрымдары туруктуу түрдө эмес.   Калктын бештен бир бөлүгү үйлөрүн жылытууга жана тамак-аш бышырууда башка булактарды колдонуп келет.

Жалал-Абадда эскертүүлөргө карабай, той-аш өткөрүп жүргөн ресторан ээлерине карата кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда эскертүүлөргө карабай, той-аш өткөрүп жүргөн ресторан ээлерине карата кылмыш иши козголду. Мэриядан билдиришкендей, рейддин алкагында 10 ресторан текшерилди.   Алардын экөөндө үйлөнүү той өтүп жаткан. Буга чейинки эскертүүлөрдү эске алуу менен ресторан ээлери жоопко тартылат. Белгилеп кетсек, Жалал-Абадда коронавирус жайылып жатканына байланыштуу, кечээтен тарта… Кененирээк…

Чек араларды кайтарууну күчөтүү буга чейин пландалган ички иш-чараларга байланыштуу

Чек араларды кайтарууну күчөтүү буга чейин пландалган ички иш-чараларга байланыштуу. Бул тууралуу бизге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Ведомствонун басма-сөз кызматы жашырындуулукка шилтеп, кененирээк маалыматты берүүдөн баш тартты.   Бирок ошол эле кезде Чек ара кызматынан ишендиришкендей, тынчысызданууга себеп жок, чек араларда абал тынч. Эске… Кененирээк…

Ветеринария жана фитосанитария коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов камакка алынды

Ветеринария жана фитосанитария коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, ал ведомство бөлүм башчылары жана лаборатория жетекчиси менен коррупциялык схема түзүп алган деп шектелүүдө.   Эсеп палатасынын аудитинин жүрүшүндө бруцеллёзго каршы вакцина сатып алуу… Кененирээк…

Жорди Гомес 56 метрден фантастикалык гол киргизип Европа Лигасында рекорд жаратты

Кипрдик “Омония” клубунун жарым коргоочусу Жорди Гомес 56 метрден фантастикалык гол киргизип Европа Лигасында рекорд жаратты. Гомес айып соккусун жаратып жатып нидерланддык клубдун голкипери Ивон Мвого дарбазадан чыгып кеткенин байкаган. 35 жаштагы футболчу розыгрыштын ордуна дал келген гол киргизип мелдештин эсебин ачты. Муну менен ал… Кененирээк…