Голливуддун белгилүү актеру Брэд Питт ыктыярчылар менен кошо гуманитардык жүк ташыды

Голливуддун белгилүү актеру Брэд Питт ыктыярчылар менен кошо гуманитардык жүк ташыды. Бирок жарандардын эчкимиси аны алгач тааныган эмес. Жүк ташуучулардын бири маскасын чечип, тамекки чегип аткан учурда гана Брэд Питт экенин таанышты.

 

Актер  өз унаасы менен эмес, ыктыярчылар бригадасы менен кошо жүк ташуучу машинеде келип, өзүн тааныштырган да жок. Сүрөттөрдө ал чоң каптарды ташып, арабаны сүйрөп жүргөнүн дагы көрсө болот.