Мышык менен ээсинин баарлашуусун түшүнүктүү кылган тиркеме чыгарылды

Мышык менен ээсинин баарлашуусун түшүнүктүү кылган тиркеме чыгарылды. Технология мышыктын мыйалаганын адам тилине котормокчу. Идеянын автору Амазон компаниясынын мурдагы инженери Хавьер Санчес.

 

Тиркеме үй жаныбары ачка болгонун же бир жери ооруп атканынан кабар берип турат. Колдонуучулар болсо, сүйүктүү жаныбары менен сүйлөшүү үчүн жана аны толук кандуу түшүнүү үчүн жаңычылдыкты күтүп жатканын билдиришти.