Бишкектин коммуналдык кызматтары жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүүгө даяр

Бишкектин коммуналдык кызматтары жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүүгө даяр. Мэриядан билдиришкендей, ЖЭБ жана буу казандар зарыл көлөмдөгү отун менен камсыздалган.

 

Алдын ала бүт жабдуулар ремонттолуп, ишке даярдалды. Шаар тургундарынын үйлөрүн жылытуу үчүн быйыл 126 миң тонна көмүр керектелет. Ошондой эле аз камсыздалган үй-бүлөлөргө  акысыз отун жана көмүр таратылды.