Америкалык ишкер Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде   3-орунга илинди

Америкалык ишкер Илон Маск дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде   3-орунга илинди. Bloomberg билдиргендей,  бул анын Tesla компаниясынын акциялары дароо 1 күндө эле кымбаттап кеткенине байланыштуу.

 

Муну менен Илон Маск Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукербергди артта калтырды. Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле 185 миллиард доллары менен Амазон компаниясынын ээси Джефф Безос турса, андан кийинки эле бай адам  — майкрософттун негиздеген Билл Гейтс жайгашат.