Жалал-Абадда бир катар карантиндик чектөөлөр алынды

Жалал-Абадда бир катар карантиндик чектөөлөр алынды. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, ишин шаардык унаа базары жандантты. Ошондой эле коомдук мончолордун, бильярд залдарынын, коомдук тамактануу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилди.

 

Бирок кардарлардын саны 50дөн ашпашы керек. Андан тышкары, эртеңден тарта мечиттерде жума намаз окулат. Талаптарды сактабаган жайлар аныкталса, алар кайра жабылат.