Кыргызстанда кинотеатр жана фудкортторду ачуу азырынча пландалбайт

Кыргызстанда кинотеатр жана фудкортторду ачуу азырынча пландалбайт. Бул тууралуу 24 агенттигине өкмөт аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда бул суроо министрлер кабинетинин кароосунда.

 

Кечээ ММКларда тараган айрым маалыматтарга караганда, өлкөдөгү кинотеатр жана фудкорттор бүгүн ишин жандантмак. Эске салсак, коронавирус жайылып баштаганда мартта кинотеатрлар биринчилерден болуп жабылган.