Кыргызстанда дагы 516 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 516 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 168, Чүйдө 78, Ошто 59, Таласта 16, Нарында  8, Ысык-Көлдө 45, Жалал-Абадда 50, Баткенде 92 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 59 миң 362ни түздү.

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган коомдук транспорт айдоочулары 775 миң сомго айыпка тартылды

Бишкекте санитардык талаптарды сактабаган коомдук транспорт айдоочулары 775 миң сомго айыпка тартылды. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, адистер жүргүнчү ташыган автобустарды, троллейбустарды жана маршруттук таксилерди текшерди.   Санитардык талаптарды бузган айдоочуларга протоколдор түзүлдү, — дешти муниципалитеттен.

Баткенде жеңил конструкциялардан жаңы инфекциялык оорукананын курулушу башталды

Баткенде жеңил конструкциялардан жаңы инфекциялык оорукананын курулушу башталды.   Өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медициналык жайды курууга каражатты Өзбекстан бөлүп берген. Кадамжай райондук ооруканасынын аймагында жайгашкан 200 орундуу стационардын курулуш иштери 10 күн аралыгында жыйынтыкталат.

Бишкекте үч эм жарыкка келди

Бишкекте үч эм жарыкка келди.   Үй бүлөөнүн жакындары билдиришкендей, буга чейин бир кызды тарбиялап келген жубайлар дароо 3 уулдуу болушту. Наристелердин ар биринин салмагы 2 килограммдан жогору, абалдары жакшы.

Оштогу инфекциялык оорукананын курулушу 80 пайызга аяктады

Оштогу инфекциялык оорукананын курулушу 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу novosti.kgге облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти. Объект колдонууга 15-ноябрда эле берилмек.   Бирок каржылоо кечиктирилгендиктен, иштер дагы кечигүү менен жүргүзүлдү. Имаратка суу, электр энергиясы жана жылуулук системасы өткөрүлдү. Учурда анын короосунда таман таштарды жана асфальт төшөө… Кененирээк…

Улуттук банк доллар курсунун көтөрүлүшүнө таасир берүү аракетин улантууда

Улуттук банк доллар курсунун көтөрүлүшүнө таасир берүү аракетин улантууда. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси кечээ бул жумадагы үчүнчү интервенциясын өткөрүп, 1 миллион 300 миң доллар сатты.   Америкалык валютанын куну 2 айдан бери серпилүүдө. Өткөн жумада ал дароо 2,5 сомго кымбаттады. Интервенциядан кийин кайра курс турукташып… Кененирээк…

Президенттикке талапкерлер күрөө акысын 3-декабрга чейин бериши керек

Президенттикке талапкерлер күрөө акысын 3-декабрга чейин бериши керек. Боршайкомдун маалыматына ылайык, күрөөнүн суммасы 1 миллион сомду түзөт. Эгер талапкер шайлоодон утулуп калса, бирок добуштардын 5 же андан көбүрөөк пайызы чогулта алса, анда анын акчасы кайтарылат.   Эске салсак, Кыргызстанда мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.

100 миң сомго чейин насыя алган жарандар пайыздарын төлөөдөн бошотулат

100 миң сомго чейин насыя алган жарандар пайыздарын төлөөдөн бошотулат. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, жеңилдетүүлөр 3 ай аралыгында күчүндө болот – декабрь, январь жана февралда.   Мындай чечим коронавирус пандемиясына байланыштуу кабыл алынды. Бирок жарандын 100 миң сомго чейин бир нече насыясы бар болсо, анда жеңилдиктер… Кененирээк…

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга жөнөп кетти

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен (ТИМ) кабарлашты.   Иш-сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана башка аткаминерлери менен жолугушат. Жолугушуулар эки күн, 19-20-ноябрь күндөрү болот.   Сүйлөшүүлөрдүн… Кененирээк…

АКШ тургуну дүкөндөн издегенин таппай, бирок байып алды

АКШ тургуну дүкөндөн издегенин таппай, бирок байып алды. Эркек аңчылыкка баратып, белгилүү бир фирманын лотерея билетин сатып алууну туура көрдү. Бирок ал жок болуп чыкканда, айлак жок башкасын сатып алып, 75 миң доллар утуп алганын билген.   Ал эми акчаны кредитин жабууга жумшай турганын билдирди.