Биздин өлкө англис тилин үйрөнүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 96-орунда жайгашты
Биздин өлкө англис тилин үйрөнүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 96-орунда жайгашты. Жалпысынан, тизмеде 100 өлкө бар. Өткөн жылга салыштырмалуу, Кыргызстан 3 сапка көтөрүлдү. Бирок тил үйрөнүү деңгээли мурдагыдай эле, төмөн бойдон калууда. Тажикстан акыркы сапка жайгашты. Казакстан 92-орунда, Өзбекстан 88-сапта, ал эми Афганистан 79-орунда турат.