Бишкекте №5 мектеп-лицейдин кошумча корпусунун курулушу уланууда

Бишкекте №5 мектеп-лицейдин кошумча корпусунун курулушу уланууда. Мамлекеттик курулушу жана архитектура кызматынан билдиришкендей, имарат                 50 пайызга даяр. Корпус 225 окуучуга чакталат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, республика боюнча 27 мектеп жана кошумча корпустар курулууда. Иштерди Сауд өнүктүрүү фонду каржылап жатат.