Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту 250 милиция кызматкери камсыздайт

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезондо коомдук коопсуздукту 250 милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу novosti.kgге облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, адаттагыдай, өзгөчө көңүл Каракол шаарына жана Ак-Суу районуна бөлүнөт. Бул жерлерде кышкысын туристтердин саны көп болот. Белгилеп кетсек, кышкысын Ысык-Көлдө ден-соолукту чыңдоочу жайлар жана тоо-лыжа базасы иштейт.