Аргентинада 3 күн аза күтүү жарыяланды

61 жашында легендарлуу футболчу Диего Марадона көз жумду. Чет элдик басылмалар билдиришкендей, буга анын жүрөк оорусу себеп болду. Аргентина эли көчөлөрдө чогулуп, мыкты оюнчунун өлүмүнө байланыштуу аза күтүүдө.

 

Аталган өлкөдө 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды. Европа жана Чемпиондор лигаларынын беттештери Марадонаны эскерүү менен башталат.