Италияда 7 миллион долларга аялдардын кол баштыгы сатылууда

Италияда 7 миллион долларга аялдардын кол баштыгы сатылууда. Чет элдик басылмалар жазышкандай, дүйнөдөгү эң кымбат сумканы «Boarini Milanesi» компаниясы тартуулады.   Баштык крокодилдин терисинен жасалган. Аны сыртында алтын, бриллиант, сапфир менен шөкөттөлгөн 10 көпөлөк жайгаштырылган. Алардын жалпы салмагы 130 каратты түзөт.

Кыргызстанда бензиндин баасы жаңы жылга чейин кымбаттабайт

Кыргызстанда бензиндин баасы жаңы жылга чейин кымбаттабайт. Ноябрь-декабрда күйүүчү майдын баасы ушул бойдон сакталат. Адистер муну россиялык заводдордо баалар туруктуу сакталып жатканы менен түшүндүрдү.   Кыш күйүүчү-майдын сезону эмес болгондуктан, бензиндин баасы тескерисинче арзандашы дагы мүмкүн.   Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкендей, Бишкекте  92-үлгүсүндөгү бензиндин бир… Кененирээк…

Кыргызстанга Германиядан дарыгерлер тобу келди

Кыргызстанга Германиядан дарыгерлер тобу келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба алмашып, коронавирус менен күрөшүүдө жардам берүү ниетинде.   Германиядан келген дарыгерлер 30-ноябрга чейин биздин өлкөдө болушат. Алар ошондой эле Кыргызстанга 150 миң даана тест-система алып келип, Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп беришти.

Кыргызстан коронавирустан россиялык вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан коронавирустан россиялык вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жарыялады.   Анын айтымында, августта Россияга препаратты импорттоо боюнча кат жөнөтүлгөн. Вакцинанын дозасы, алып келүү граифиги жана биздин өлкөдө каттоосу тууралуу эрежелер иштелип чыкты. Сурабалдиева белгилегендей, Кыргызстан башка мамлекеттерде өндүрүлгөн вакцинанын… Кененирээк…

Жети-Өгүз районунда милициянын көчмө түйүнү иштеп баштады

Жети-Өгүз районунда милициянын көчмө түйүнү иштеп баштады. Бул райондо кар калың жаап, алыскы айылдардын тургундары чыга албай калганына байланыштуу.   Кызматтык унаалар менен милиция кызматкерлери күн сайын райондун айылдарын кыдырып, жарандардын кайрылууларын кабыл алып, укуктук кеп-кеңештерди берет.

Бишкектин №28 мектеп-гимназиясында коррупциялык схема аныкталды

Бишкектин №28 мектеп-гимназиясында коррупциялык схема аныкталды. Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, 5  жыл бою класстык журналга жалган маалымат киргизилип, жасалма документтер даярдалган. 10 адам мыйзамсыз түрдө китепканачы, мугалим, лаборат катары кабыл алынган.   Ал эми иш жүзүндө бул адамдар иштеген эмес. Бирок алардын айлыктарына деп 5… Кененирээк…

Кара-Көл шаарында 30-ноябрда бардык окуучулар мектептерге кайтып келет

Кара-Көл шаарында 30-ноябрда бардык окуучулар мектептерге кайтып келет. Бул тууралуу “Турмуш” шаардык билим берүү башкармалыгына шилтеме келтирип билдирди.   Окуучулар ийкемдүү график менен окушат. Тагыраак айтканда, негизги предметтер салттуу түрдө өтсө, кошумча сабактар аралыктан өткөрүлөт. Ошондой эле, балдар чыгармачылыгынын үйлөрү, спорт мектептери жана бала бакчалар… Кененирээк…

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация берүү бир катар себептер менен кечиктирилип жатат

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация берүү бир катар себептер менен кечиктирилип жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди. Анын айтымында, дарыгерлерден түшкөн документтерде каталар болот.   Алсак, вирус жугуу булагы аныкталган эмес болот, айрым документтерде маалымкаттар жок болгон болуп калат. Вице-премьер белгилегендей, бардык документтер… Кененирээк…

Бишкекте «Тез жардам» бригадалары жетишпей жатат

Бишкекте «Тез жардам» бригадалары жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу 26-ноябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, «Тез жардам» кызматына түшкөн чакыруулар көп болгондуктан дарыгерлер ыкчам медициналык жардамга муктаж тургундарды толук тейлөөгө жетишпей жатышат.   Бир миллионго жакын калкы бар борбор калааны жүздөн… Кененирээк…