Кыргызстан коронавирустан россиялык вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кыргызстан коронавирустан россиялык вакцинаны сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жарыялады.

 

Анын айтымында, августта Россияга препаратты импорттоо боюнча кат жөнөтүлгөн. Вакцинанын дозасы, алып келүү граифиги жана биздин өлкөдө каттоосу тууралуу эрежелер иштелип чыкты. Сурабалдиева белгилегендей, Кыргызстан башка мамлекеттерде өндүрүлгөн вакцинанын натыйжалуулугун дагы караштырып жатат.