Жети-Өгүз районунда милициянын көчмө түйүнү иштеп баштады

Жети-Өгүз районунда милициянын көчмө түйүнү иштеп баштады. Бул райондо кар калың жаап, алыскы айылдардын тургундары чыга албай калганына байланыштуу.

 

Кызматтык унаалар менен милиция кызматкерлери күн сайын райондун айылдарын кыдырып, жарандардын кайрылууларын кабыл алып, укуктук кеп-кеңештерди берет.