Кыргызстанга Германиядан дарыгерлер тобу келди

Кыргызстанга Германиядан дарыгерлер тобу келди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, алар кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба алмашып, коронавирус менен күрөшүүдө жардам берүү ниетинде.

 

Германиядан келген дарыгерлер 30-ноябрга чейин биздин өлкөдө болушат. Алар ошондой эле Кыргызстанга 150 миң даана тест-система алып келип, Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп беришти.