Бишкектин №28 мектеп-гимназиясында коррупциялык схема аныкталды

Бишкектин №28 мектеп-гимназиясында коррупциялык схема аныкталды. Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, 5  жыл бою класстык журналга жалган маалымат киргизилип, жасалма документтер даярдалган. 10 адам мыйзамсыз түрдө китепканачы, мугалим, лаборат катары кабыл алынган.

 

Ал эми иш жүзүндө бул адамдар иштеген эмес. Бирок алардын айлыктарына деп 5 миллион сом которулганы аныкталды. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.