Кара-Көл шаарында 30-ноябрда бардык окуучулар мектептерге кайтып келет

Кара-Көл шаарында 30-ноябрда бардык окуучулар мектептерге кайтып келет. Бул тууралуу “Турмуш” шаардык билим берүү башкармалыгына шилтеме келтирип билдирди.

 

Окуучулар ийкемдүү график менен окушат. Тагыраак айтканда, негизги предметтер салттуу түрдө өтсө, кошумча сабактар аралыктан өткөрүлөт. Ошондой эле, балдар чыгармачылыгынын үйлөрү, спорт мектептери жана бала бакчалар иштеп баштайт.

 

Жергиликтүү бийлик өз кезегинде, аталган мекемелерде санитардык талаптардын сакталышын көзөмөлгө алат.