Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация берүү бир катар себептер менен кечиктирилип жатат

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация берүү бир катар себептер менен кечиктирилип жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди. Анын айтымында, дарыгерлерден түшкөн документтерде каталар болот.

 

Алсак, вирус жугуу булагы аныкталган эмес болот, айрым документтерде маалымкаттар жок болгон болуп калат. Вице-премьер белгилегендей, бардык документтер так толтурулушу керек, анткени, ар бир төлөнгөн компенсация үчүн кийин жооп берүү керек.