70 студентке президенттик стипендия берилди.
Өлкө башчы аппаратынын маалымат бөлүмүнөн билдиришкендей,
билими менен өзгөчөлөнгөн студенттерге акчаларды президенттин милдетин аткаруучу
Талант Мамытов тапшырды. Белгилеп кетсек, президенттик стипендияга
2019-20-окуу жылынын жыйынтыгы менен 29 жогорку окуу жайынын
студенттери ээ болду. Бул максатта 3,5 миллион сом бөлүнгөн.