Кыргызстанда доллар кайрадан арзандап жатат

Кыргызстанда доллар кайрадан арзандап жатат. Valuta.kg порталындагы маалыматка ылайык, ордо калаанын акча алмаштыруу жайларында доллар 81 сом 60 тыйындан сатылып алынып,  кайра 82 сом 20 тыйындан сатылууда.

 

Ал эми банк менен акча алмаштыруучу жайларда ар кандай көрсөткүчтөр болууда. Эске салсак, 85 сом көрсөткүчүндө кармалып турган америкалык валюта өткөн жумада 79 сомго чейин түшүп, кайра кымбаттай баштаган.