Кыргызстанга коронавирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн мамлекеттик органдарга тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди

Кыргызстанга коронавирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн мамлекеттик органдарга

тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Профилдик ведомстволор вирусту аныктоо жана аны дарылоо маселеси боюнча башка өлкөнүн

органдары менен тыгыз байланышта болушу шарт. Андан тышкары, чек араларда

санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана коопсуздук чаралары күчөтүлдү.