Непалда жүргүнчүлөрү менен учак адашып, башка шаарга келип конду

Непалда жүргүнчүлөрү менен учак адашып, башка шаарга келип конду. Аба кемеси Джанакпур шаарына келмек, бирок ал Покхара калаасында конгон. Калк жашаган түйүндөр болсо бири биринен дээрлик 400 чакырым алыс жайгашкан.

 

Жүргүнчүлөр учактан башка аэропорттон чыгып калганда гана башка шаарга келгенин билишти. Бирок маселе чечилип, учкучка белгиленген шаарга 69 жүргүнчүнү жеткирүүгө уруксат берилди.