Кыргызстанда дагы бир социалдык шаарча пайда болот
Кыргызстанда дагы бир социалдык шаарча пайда болот. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, жаңы калктуу аймак Чүй облусунун Кемин шаарында курулат. Турак жайлар 100 үй-бүлөгө арналат. Анын жалпы аянты 3 гектар жерди түзөт. Бүгүнкү күндө долбоордун болжолдуу эскизи тартууланды. Социалдык шаарчаны курууга каражатты чет элдик донор бөлүп берет.