Коомдук унаалардын жол акысын көтөрүү маселеси дароо чечилбейт

Коомдук унаалардын жол акысын көтөрүү маселеси дароо чечилбейт.

Бул тууралуу вице-мэр Азизбек Алымкулов жүргүнчүлөрдү ташуучулар менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, маселени Бишкек шаардык кеңеш чечет. Ал эми шаардык кеңешке бул тууралуу калаа

мэриясынан жарлык түшкөн эмес. Белгилеп кетсек, жол кире акыркы ирет 2012-жылдын апрелинде көтөрүлгөн.

Учурда автобус жана троллейбустарга түшүүдө жүргүнчүлөр 8 сом төлөсө, маршруттук унааларга 10 сом беришет.