Жалал-Абад шаарындагы бала бакчаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Шаар мэриясынан билдиришкендей, бүгүн калаа бийлигинин өкүлдөрү мектепке чейинки

даярдоо мекемелеринин санитардык абалын текшерип чыкты. Алсак, бакчаларда

бөбөктөрдү кабыл алуу боюнча алгоритм иштелип чыккан. Ага ылайык, ар бир

тайпада балдардын саны 15-20 болуп, гигиеналык талаптар сакталышы керек.

Эми жакынкы аралыкта шаардык штабдын жыйынында бакчалардын

абалы талкууланат, андан кийин ачуу мөөнөтү боюнча чечим чыгат.