Кыргызстан боюнча 2 миң 100 мектеп кадимки режимде иштеп жатат.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, көбүнчө Жалал-Абад,
Ош жана Баткен облустарынын мектеп окуучулары парталарга кайтып барышты.
Ведомстводон эскертишкендей, мектептерди ачууда аймактын
эпидемиологиялык абалы эске алынат.