Баткен облусунун Чоң-Талаа айылындагы мектепке жеңил конструкциядан кошумча корпус курулат.
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат. Тендерди аймактык капиталдык
курулуш башкармалыгы жарыялады. Бул максатта 9 миллион сом жумшалат. Эске салсак,
билим берүү мекемесинин имараты декабрдын башында өрттөнүп кеткен.
Анда өкмөт кыска мөөнөттө мектепти калыбына келтирүү тапшырмасын берген.