Кыргызстанда бала асырап алгандарга төлөнүүчү акынын көлөмү жогорулатылды

Кыргызстанда бала асырап алгандарга төлөнүүчү акынын көлөмү жогорулатылды. Сумма учурда 18 миң 757 сомду түзөт, — деп билдирет эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова. Анын айтымында, баланы багып алуучу үй-бүлө атайын окуудан өтүп, ийгиликтүү аяктаганда гана келишимдин негизинде баланы убактылуу тарбиялайт. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда… Кененирээк…

Японияга чет өлкөлүктөрдүн киришине убактылуу тыюу салынды

Японияга чет өлкөлүктөрдүн киришине убактылуу тыюу салынды. Премьер-министр Ёсихидэ Суга билдиргендей, чектөө 7-февралга чейин созулат. Мындай чара Улуу Британиядан чыккан коронавирустун жаңы штаммы себеп. Эске салсак, Япония бийлиги 28-декабрдан тартып бардык өлкөнүн жарандары үчүн виза берүүнү токтоткон. Бирок бизнесмен жана бизнес-делегацияларга, ошондой эле Азиянын бир катар… Кененирээк…

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолун тазалоо иштери уланууда

Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолун тазалоо иштери уланууда. Novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, түндө тилкенин 50-90-чакырым аралыгында катуу шамал болуп, жолдо кар күрткүсү пайда болгон. Трасса убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине атайын техникалар тартылды. Учурда тиешелүү тилкеде кардын калыңдыгы 70 сантиметрге жетет

Сомдун наркын бекемдөө үчүн Улуттук банк былтыр 465 миллион 950 миң доллар сатты

Сомдун наркын бекемдөө үчүн Улуттук банк былтыр 465 миллион 950 миң доллар сатты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, жалпысынан 29 ирет интервенция өткөрүлдү. Акыркы ирет дүйнөлүк каржы рыногуна чыгуу 10-декабрда болду. Белгилеп кетсек, Улуттук банк чет элдик валюталардын наркын көзөмөлдөп, сомдун кунун кармап туруу үчүн… Кененирээк…

Казакстанда 21 жаштагы кыз депутат болду

Казакстанда 21 жаштагы кыз депутат болду. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, Nur Otan партиясынын саясий бюросунун Алматыдагы филиалынын кеңеши бекиткен маслихаттын 29 депутатына шахматчы кыз Жансая Абдумалик кирди Эми аны аймактык шайлоо комиссиясы катташы керек. Эске салсак, Казакстанда 10-январда парламенттин мажилисине шайлоо болуп, беш партиядан үчөө өттү.… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик гербине 27 жыл толду

Кыргызстандын мамлекеттик гербине 27 жыл толду. Башкы символика 1994-жылы, 14-январда Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Гербдин авторлору — Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев. Гербдеги канаттары жайылган шумкар мамлекеттин эркиндигин билдирсе, ортосунда Ысык-Көл, Ала-Тоонун тартылган. Кийин гербдин жээгине буудай менен пахтанын сүрөтү кошулган. Жогору жагына… Кененирээк…

Бишкектеги чакан дүкөндөр бирдей көрүнүшкө ээ болот

Бишкектеги чакан дүкөндөр бирдей көрүнүшкө ээ болот. «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы ордо калаадагы чакан дүкөндөрдүн аталышынын жазылышы жана жасалгасы боюнча бирдиктүү дизайн иштеп чыкты. Мэриядан билдиришкендей, азырынча жаңы дизайн менен Москва көчөсүндөгү бир нече дүкөндүн аты жазылды. Мындай иштер эстетикалык жактан жагымдуу болушу үчүн… Кененирээк…

Мамлекеттик салык кызматы былтыр камсыздандыруу салымынан дээрлик 33 миллиард 191 миллион сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы былтыр камсыздандыруу салымынан дээрлик 33 миллиард 191 миллион сом чогултту. Бекитилген план 163 миллион сомго ашыгы менен аткарылып, 2019-жылга салыштырмалуу 766 миллион сомго көп болду. Эске салсак, салык кызматы камсыздандыруу салымдарын Соцфонд менен биргеликте ишке ашырат. Мындай функция юридикалык жана физикалык жактарга… Кененирээк…

Премьер-министрликке талапкер президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылынат

Премьер-министрликке талапкер президенттин инаугурациясынан кийин сунуш кылынат. Парламенттеги башкаруу коалициясы азырынча өкмөт башчылыкка талапкерди сунуш кыла элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, парламенттик көпчүлүк өкмөт башчынын талапкерлигин азыркы Конституцияга ылайык көрсөтөт. Эске салсак, учурда Кыргызстан премьер-министринин милдетин… Кененирээк…

Караколдо жаңы жылдык балаты кулап калды

Караколдо жаңы жылдык балаты кулап калды. Маалыматты өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн тастыкташты. Маалыматка ылайык, жаңы жылдын башкы символунун кулашына бүгүн эртең менен катталган катуу шамал себеп болду.   Эске салсак, балаты Мамлекеттик институттун имаратынын алдында орнотулган болчу.