Японияга чет өлкөлүктөрдүн киришине убактылуу тыюу салынды.
Премьер-министр Ёсихидэ Суга билдиргендей, чектөө 7-февралга чейин созулат.
Мындай чара Улуу Британиядан чыккан коронавирустун жаңы штаммы себеп.
Эске салсак, Япония бийлиги 28-декабрдан тартып бардык өлкөнүн жарандары
үчүн виза берүүнү токтоткон. Бирок бизнесмен жана бизнес-делегацияларга,
ошондой эле Азиянын бир катар мамлекеттерине чектөө коюлбайт.