Мамлекеттик салык кызматы былтыр камсыздандыруу салымынан дээрлик 33 миллиард 191 миллион сом чогултту.
Бекитилген план 163 миллион сомго ашыгы менен аткарылып, 2019-жылга салыштырмалуу 766 миллион сомго көп болду.
Эске салсак, салык кызматы камсыздандыруу салымдарын Соцфонд менен биргеликте ишке ашырат.
Мындай функция юридикалык жана физикалык жактарга ашыра күч жүктөөнү төмөндөттү.