Мамлекеттик бюджетке 6 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

Мамлекеттик бюджетке 6 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 5 жыл мурда Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Сары-Могол айылындагы мектептин спортзалын жана ашканасын куруу боюнча тендер өткөрүп, долбоорду 24 миллион 202 миң сомго ишке ашырууну сунуштаган ишкана жеңүүчү деп табылып, келишим түзүлгөн.… Кененирээк…

Конституциянын жаңы долбоору даяр

Конституциянын жаңы долбоору даяр. Бул тууралуу конституциялык кеңештин жетекчиси Бекбосун Бөрүбашев билдирет. Ушул жумада жыйынтыктоочу секциялык жана пленардык жыйын болот, андан кийин жаңы Башкы мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Эске салсак, конституциялык кеңешме жаңы долбоордун үстүнөн былтыр ноябрдан тартып иштеп баштаган. Аталган долбоор менен президенттик… Кененирээк…

Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылды

Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылды. Мэриянын маалыматына ылайык, дем алыш күндөрү Свердлов районунда жашаган 100 муктаж үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Аларга ун, өсүмдүк майы, күрүч, буурчак, кумшекер, макарон жана кондитер азыктарынан турган азык-түлүк топтому таратылды. Жардам эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлдү

Чүй облусунун Жайыл районундагы оорукананы оңдоо иштери февралда жыйынтыкталат

Чүй облусунун Жайыл районундагы оорукананы оңдоо иштери февралда жыйынтыкталат. Кара-Балта шаарынын мэриясынан билдиришкендей, учурда райондун бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө ички жасалгалоо жумуштарын жүргүзүү, терезе-эшиктерин алмаштыруу, жылуулук, суу, канализация, электр тармактары системасын жаңыртуу пландалууда. Иштерге 11 миллион сом багытталат жана ал Дүйнөлүк бактын эсебинен каржыланат.

Кыргызстан боюнча 2 миң 150 мектепте билим берүү реалдуу режимде жүрүп жатат

Кыргызстан боюнча 2 миң 150 мектепте билим берүү реалдуу режимде жүрүп жатат. Эске салсак, өлкөдө жалпысынан 2 миң 227 мектеп бар. Билим берүү министрлигинен такташкандай, билим берүү мекемелери көбүнчө Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында ачылды. Ведомстводон эскертишкендей, айрым мектептерде 1-класстан 11-класска чейинки окуучулар парталарга айтып… Кененирээк…

Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоодон жабыркагандар катталган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, жүктүн салмагын тарткан жерден электр зымдары тийишип кеткен. Контейнердеги компьютер, стол, стулдар күйгөн. Өрт көмүр казуу ишине… Кененирээк…

COVID-19га карата вакцинация жеке тандоого ылайык жүргүзүлөт

COVID-19га карата вакцинация жеке тандоого ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирет. Анын айтымында, эмдөө алгач медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана калктын аярлуу катмарына жеткиликтүү болот. Андан кийин вакцинациядан өтүүнү каалагандар үчүн жеке медициналык борборлорду ишке тартуу пландалууда. Бирок эмдөөгө эч кимди мажбурлоо… Кененирээк…

Бишкекте жума аягында күн жылыйт

Бишкекте жума аягында күн жылыйт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта термометр мамычаларынын көрсөткүчү акырында жогорулап баштайт. Күндүз -2 градус болгону менен, күн тийип суук анча сезилбейт.   Ал эми эс алуу күндрү +7…10 градус жылуу болот. Түнкүсүн дагы плюс белгиси сакталат. Январдын соңуна чейин кар… Кененирээк…

Баткен облусунда мектептердин дээрлик бардыгы интернетке мүмкүнчүлүк алды

Баткен облусунда мектептердин дээрлик бардыгы интернетке мүмкүнчүлүк алды. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 228 жалпы билим берүү мекемесинде дүйнөлүк тармак пайда болду.   Дагы 5 мектеп калды. Жакынкы арада Кадамжай районунда 3 мектеп дагы интернетке кошулат.

Кыргызстанда өткөн жылы бала төрөлүү көрсөткүчү кыскарды – өлкөдө 158 миң 174 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Кыргызстанда өткөн жылы бала төрөлүү көрсөткүчү кыскарды – өлкөдө 158 миң 174 ымыркай жарык дүйнөгө келди.   Бул 2019-жылга салыштырмалуу, 15,5 миң балага аз, — деп билдиришти Мамлекеттик каттоо кызматынан.