Бишкекте жума аягында күн жылыйт

Бишкекте жума аягында күн жылыйт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүнтөн тарта термометр мамычаларынын көрсөткүчү акырында жогорулап баштайт. Күндүз -2 градус болгону менен, күн тийип суук анча сезилбейт.

 

Ал эми эс алуу күндрү +7…10 градус жылуу болот. Түнкүсүн дагы плюс белгиси сакталат. Январдын соңуна чейин кар жаабайт.