Баткен облусунда мектептердин дээрлик бардыгы интернетке мүмкүнчүлүк алды

Баткен облусунда мектептердин дээрлик бардыгы интернетке мүмкүнчүлүк алды. Өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 228 жалпы билим берүү мекемесинде дүйнөлүк тармак пайда болду.

 

Дагы 5 мектеп калды. Жакынкы арада Кадамжай районунда 3 мектеп дагы интернетке кошулат.