COVID-19га карата вакцинация жеке тандоого ылайык жүргүзүлөт

COVID-19га карата вакцинация жеке тандоого ылайык жүргүзүлөт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирет.

Анын айтымында, эмдөө алгач медицина кызматкерлерине, мугалимдерге жана

калктын аярлуу катмарына жеткиликтүү болот. Андан кийин вакцинациядан өтүүнү

каалагандар үчүн жеке медициналык борборлорду ишке тартуу пландалууда.

Бирок эмдөөгө эч кимди мажбурлоо болбойт. Министр белгилегендей,

Кыргызстан вакцинаны өз алдынча өндүрө албайт, андыктан

биздин өлкө дары-дармек сатып алууда туура тандоо жасашы керек.