Бишкекте муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк баштыкчалары таратылды.
Мэриянын маалыматына ылайык, дем алыш күндөрү Свердлов районунда жашаган
100 муктаж үй-бүлөгө колдоо көрсөтүлдү. Аларга ун, өсүмдүк майы, күрүч, буурчак,
кумшекер, макарон жана кондитер азыктарынан турган азык-түлүк топтому таратылды.
Жардам эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлдү