Нарын облусунда мартка чейин бардык бала бакчалар ачылат

Нарын облусунда мартка чейин бардык бала бакчалар ачылат. Бул тууралуу “Турмуш” агенттигине жергиликтүү методикалык билим берүү борборунун жетекчиси Казымбек Мамытов билдирди. Анын айтымында, бакчалар бөбөктөрдү этап менен кабыл алат.   Алсак, бүгүнтөн тарта Кочкор районунда 28 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп баштаса, Ак-Талаа, Жумгал… Кененирээк…

Кыргызстан аймагына кирген жүргүнчүлөрдө коронавирус жоктугун тастыктаган маалымкаты жок болсо, алар аэропорттордон анализ тапшырууга милдеттендирилет

Кыргызстан аймагына кирген жүргүнчүлөрдө коронавирус жоктугун тастыктаган маалымкаты жок болсо, алар аэропорттордон анализ тапшырууга милдеттендирилет.   Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, мындай чара өлкө аймагына коронавирустун жаңы штаммын киргизбөө үчүн киргизилди. Ага ылайык, ар бир жүргүнчү аэропорттон же чек арадан кеминде 3 күндүк тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү… Кененирээк…

Өкмөт ар кандай кырдаалдар үчүн резервдик фонд ачат

Өкмөт ар кандай кырдаалдар үчүн резервдик фонд ачат. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жарыялады. Каржы министрлигинин линиясы менен 2 фонд түзүлөт, анын бири резервдик болот.   Ага бюджетте эсепке алынбаган кирешелер которулуп турат. Анда топтолгон каражат ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга, социалдык милдеттенмелерди жабууга… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 98 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 98 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 40, Чүйдө 24, Ошто 13, Ысык-Көлдө 14, Жалал-Абадда 5, Баткенде 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 80 миң 25 адам коронавирусту жеңди.

“Акыркы көч” тасмасы Эл аралык кинофестивалда Гран-приге ээ болду

“Акыркы көч” тасмасы Эл аралык кинофестивалда Гран-приге ээ болду. Маданият министрлигинен билдиришкендей, сынак 16-24-январь аралыгында Бангладеште өттү.   Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулуна таандык “Акыркы көч” тасмасы пенсияга чыккан жазуучунун тагдыры тууралуу баяндайт.

Месут Озил эми “Фенербахчеде” ойнойт

Месут Озил эми “Фенербахчеде” ойнойт. Германия курамасынын жарым коргоочусу, 32 жаштагы футболчу Месут Озил Англиянын “Арсенал” клубунан Түркиянын “Фенербахче” клубуна өттү. Футболчу стамбулдук клуб менен 3,5 жылга келишим түзүп, жылдык маянасы 5 миллион евро деп белгиленди.   “Арсеналда” Месут Озил жалпы 254 оюн өткөрүп, 44 гол киргизип,… Кененирээк…

Республиканын магистралдары кыймылга ачык

Республиканын магистралдары кыймылга ачык. Novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, тоолуу аймактарда аба-ырайы жакшы, кыймыл татаалданган жок, тыгындар жок.   Буга карабай, ар бир ашуу тилкелеринде жолчулар нөөмөттө турат.

Кыргызстанда аялдар билимдүүрөөк

Кыргызстанда аялдар билимдүүрөөк. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, иштеген жарандардын арасынан карай турган болсок, Кыргызстанда кесиптик билими бар эркектерге караганда аялдар басымдуулук кылат.   Тагыраагы, иши бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.  Учурда кыргызстандык кыз-келиндер… Кененирээк…

Мугалимдер онлайн-сабактарды өткөрүүдөн баш тартса, арызданса болот

Мугалимдер онлайн-сабактарды өткөрүүдөн баш тартса, арызданса болот. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева билдирди. Анын айтмымында, мугалимдер онлайн сабактарды өтпөй жатат деген билдирүүлөр социалдык тармактарда пайда болду.   Мындай арыздарды 0709 24 02 84 номерине жазып койсо болот. Эске салсак, 18-январдан тарта ордо калаада 1-5-9-11-класстын… Кененирээк…

Кыргызстанда айдоочу күбөлүгүн жана унаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландалууда

Кыргызстанда айдоочу күбөлүгүн жана унаалардын паспортторун электрондук түргө өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган долбоор пилоттук негизде алгач Бишкекте башталат. Унаа башкарган адамдар бет түзүлүшү аркылуу идентификацияланып, келечекте айдоочунун күбөлүгүн жана унаанын документин каттоо электрондук түргө өтүүгө мүмкүндүк берет.… Кененирээк…