Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоодон жабыркагандар катталган жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, жүктүн салмагын

тарткан жерден электр зымдары тийишип кеткен. Контейнердеги компьютер, стол, стулдар күйгөн.

Өрт көмүр казуу ишине таасирин тийгизген жок, жумуш штаттык режимде уланып жатат.

Жакынкы күндөрү күйгөн жер калыбына келтирилет. Документтер башка

жүк ченеген жайда болгондуктан, аларга зыян келген жок.