Жаңы президенттин инаугурациясына 1 миңден ашык конок катышат

Жаңы президенттин инаугурациясына 1 миңден ашык конок катышат. Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, иш-чарага катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, маданият жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү чакырылды. Аппараттан белгилешкендей, бардык коноктор ПЦР-анализ тапшырышты. Эске салсак, Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең Кыргыз Улуттук филармониясында өтөт. Иш-чара 10.45те башталат жана ал Ала-Тоо… Кененирээк…

Апрелде биометрикалык жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт

Апрелде биометрикалык жалпы жарандык паспорттор бериле баштайт. Мамлекеттик каттоо кызматынан эскертишкендей, документтин жаңы үлгүсү былтыр иштелип чыккан. Учурда адистер бланктардын сапатын, коргоо элементтерин сыноодон өткөрүп жатышат. Ведомстводон белгилешкендей, жаңы паспортто 30дан ашык заманбап коргоо элементи болот. Ошондой эле заманбап материалдар менен жасалып, жеке маалыматтар лазердик… Кененирээк…

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 100 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 100 миллиондон ашты. Бул Жер шарындагы калктын 1,3% түзөт. Серепчилер чыныгы сандар мындан да көп болушу мүмкүн экенин болжолдошот. Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда бир эле АКШда вирус 25 миллион адамдан табылып, 425 миңи каза тапты. Кошмо Штаттардын президенти Жо… Кененирээк…

Токтогул районунда милициянын көчмө түйүнү иштеп баштады

Токтогул районунда милициянын көчмө түйүнү иштеп баштады. Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, орган кызматкерлери унаа менен жергиликтүү калкты кыдырып, алардын арыздарын кабыл алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Андан тышкары, мектеп окуучулары менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери да милициянын көчмө кабылдама унаасы менен мектептерге барып, окуучуларга алдын-алуу… Кененирээк…

Кыргызстанда 1 миң 560 бала бакчанын 1 миң 21и кадимки форматта иштеп жатат

Кыргызстанда 1 миң 560 бала бакчанын 1 миң 21и кадимки форматта иштеп жатат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, кадимки тартипте иштеп жаткан мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин көбү Ош жана Баткен облустарына туура келет. Андан тышкары, жеке менчик мекемелер да балдарды кабыл алууда. Бүгүнкү күндө ордо… Кененирээк…

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо мекемелерине 21 тез жардам унаасы берилет

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо мекемелерине 21 тез жардам унаасы берилет. Машинелер Баткен, Чүй, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарына таратылат, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Атайын техникалар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан грант түрүндө келди. Эске салсак, буга чейин аталган банк биздин өлкөгө 66 тез жардам унаасын сатып… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун чыгымдар сметасы бекитиле элек

Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун чыгымдар сметасы бекитиле элек. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, Боршайком чыгымдарды эсептөөгө жана график түзүүгө шайлоонун мөөнөтүн аныктоо жарлыгы чыккандан кийин киришет. Так мөөнөттү президент болжолдуу түрдө февралда бекитет. Эске салсак, жергиликтүү кеңештерди шайлоо былтыр… Кененирээк…

Бишкекте январдын соңку күндөрү жылуу болот

Бишкекте январдын соңку күндөрү жылуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы 3 күндө ордо калаада күн акырындап жылып баштайт. Бүгүн 0дөн жогору болуп, күн тийип турат.   Ал эми эртең термометр мамычалары + белгисин көрсөтөт. 30-31-январда шаарда 10 градуска чейин жылуу болот.  Кыштын соңку айынын башында… Кененирээк…

Караколдо мыйзамсыз объектилер жок кылынат

Караколдо мыйзамсыз объектилер жок кылынат. Тиешелүү тапшырманы профилдик органдарга мэрдин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев берди.   Белгилеп кетсек, жергиликтүү бийлик шаарды иретке келтирип, мыйзамсыз объектилерден арылуу ниетинде.

Президенттин инаугурациясына жарандар ПЦР тесттерин тапшыргандан кийин гана киргизилет

Президенттин инаугурациясына жарандар ПЦР тесттерин тапшыргандан кийин гана киргизилет. Өлкө башчы аппаратынан билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага 1 миңдей адам чакырылды, алардын ичинде катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллегенциянын өкүлдөрү бар.   Коноктор милдеттүү түрддө коронавирустун жоктугун тастыктаган анализ тапшырышы керек болот. Эске салсак, Садыр… Кененирээк…