Кыргызстандын саламаттыкты сактоо мекемелерине 21 тез жардам унаасы берилет.
Машинелер Баткен, Чүй, Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарына таратылат, — дешти
Саламаттыкты сактоо министрлигинен. Атайын техникалар Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан
грант түрүндө келди. Эске салсак, буга чейин аталган банк биздин өлкөгө 66 тез жардам
унаасын сатып берген. Алардын 45и Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарына тапшырылган.