Кыргызстанда 1 миң 560 бала бакчанын 1 миң 21и кадимки форматта иштеп жатат

Кыргызстанда 1 миң 560 бала бакчанын 1 миң 21и кадимки форматта иштеп жатат.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, кадимки тартипте иштеп жаткан

мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин көбү Ош жана Баткен облустарына туура келет.

Андан тышкары, жеке менчик мекемелер да балдарды кабыл алууда. Бүгүнкү күндө

ордо калаада бир гана адистештирилген мектепке чейинки даярдоо мекемелери иштеп жатат.