Бишкекте январдын соңку күндөрү жылуу болот

Бишкекте январдын соңку күндөрү жылуу болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы 3 күндө ордо калаада күн акырындап жылып баштайт. Бүгүн 0дөн жогору болуп, күн тийип турат.

 

Ал эми эртең термометр мамычалары + белгисин көрсөтөт. 30-31-январда шаарда 10 градуска чейин жылуу болот.  Кыштын соңку айынын башында марттагыдай аба-ырайы турукташат.