Акча көчөдө эле жатат

Акча көчөдө эле жатат. Муну Нью-Джерси трассасында жайнап жаткан акчаны видеого тартып алган күбө тастыктай алды. Белгилүү болгондой, акча өтүп бара жаткан инкассатор унаасынан чачылып кеткен.   Каражатты эки кызматкер, аларга кошулуп башка айдоочулар дагы чогултту. Жеринде жадакалса, авария дагы катталганы маалымдалат.

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу жүрүп жатат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу жүрүп жатат. novosti.kgге Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, адистер Бишкектин 44 тилкесинде камера орнотууга даярданууда.   Учурда эксперттер тилкелерди изилдеп, тиешелүү уруксат документтерин алып жатат. Керектүү жабдуулар өлкөгө жеткирилди, шаар бийли уруксат берери менен, аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу башталат.

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук комитетине өтүүдө

Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук комитетине өтүүдө. Бул тууралуу өкмөт аппаратынан билдиришти. Эске салсак, ведомствону атайын кызматтын балансына өткөрүү чечими өтүп кеткен жылдын ноябрында кабыл алынды.   Бул аткезчилик жана чек арадан баңгизат, куралдарды мыйзамсыз өткөрүү менен күрөшүүгө байланыштуу.

Бишкек мектептерин толук кандуу салттуу режимге кайтаруу чечими февралдын аягында кабыл алынат

Бишкек мектептерин толук кандуу салттуу режимге кайтаруу чечими февралдын аягында кабыл алынат. Бул тууралуу 24 агенттигине ордо калаанын башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.   Анын айтымында, учурда шаардагы эпидемиологиялык абал көзөмөлдөнүп жатат. Мониторинг айдын соңуна чейин жүргүзүлөт деп күтүлүүдө.   Эске салсак, учурда Бишкекте 1-5-9-11-класстын… Кененирээк…

Премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин парламенттин көпчүлүк коалициясы жактырды

Премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин парламенттин көпчүлүк коалициясы жактырды.   Депутаттар ага бир добуштан колдоо көрсөтүштү.  Эске салсак, Марипов Эсеп палатасынын төрагасы кызматында 2016-жылдын март айынан бери иштеп келе жатат.   Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.

Бишкекте февраль жылуу болушу күтүлүүдө

Бишкекте февраль жылуу болушу күтүлүүдө. Синоптиктердин маалыматына ылайык, ордо калаада бул жумада термометр мамычалары күндүз +9дан +16га чейин көтөрүлөт. Барынан алдыдагы дем алыш күндөр жылуу болот. Түнкүсүн суук кайтат, абанын табы 1ден 5 градуска чейин жогорулайт. Эртең менен кыска мөөнөттүү жаан жаашы күтүлөт. Башка кундөрү… Кененирээк…

Февралда иш күндөрүн жылдыруу болбойт

Февралда иш күндөрүн жылдыруу болбойт. Бул тууралуу novosti.kg эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Ведомстводон эскертишкендей, бул айда бир майрам бар – 23-февраль. Ал шейшембиге туура келгендиктен дем алыш күн болот. Эс алуу күндөрүн башка күндөргө жылдыруу пландалган жок. Жарандар кадимки режимде иштейт. Ушуну менен… Кененирээк…

Улуттук банк интервенция өткөргөнүнө карабай доллар кымбаттоо позициясынан кеткен жок

Улуттук банк интервенция өткөргөнүнө карабай доллар кымбаттоо позициясынан кеткен жок. Бүгүн америкалык валютаны 84 сом 90 тыйындан сатышууда, сатып алуу 84 сом 70 тыйындан. Эске салсак, өлкөнүн каржы көзөмөлдөөчү мекемеси сомдун кунун бекемдөө үчүн 29-январда 45 миллион 700 миң доллар сатты. Бул акыркы 10 айдан… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. 3-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жана Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун тоолуу тилкелерине кар массасы түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери планга ылайык аткарылып жатат

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү иштери планга ылайык аткарылып жатат. Novosti.kgге түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда 3 этаптын биринчисинде иштер жүрүп жатат. Тагыраагы, Нурматов көчөсүнөн Юго-Восток шаарчасына чейинки аралыкта дарыянын эки жээги бекемделүүдө. Долбоордун алкагында балдар аянтчалары, эс алуу аймагы, көпүрөлөр, веложолчолор пайда болот.… Кененирээк…