Төө-Ашууда бүгүн, эртең туман түшүп, кар жаап, жолдор тайгак болушу күтүлүүдө
Төө-Ашууда бүгүн, эртең туман түшүп, кар жаап, жолдор тайгак болушу күтүлүүдө. Куткаруучулар эскертишкендей, Бишкек-Ош трассасына чыга турган айдоочулар рулда этият болуп, ылдамдыкты жогорулатпай, унаалар ортосундагы аралыкты сакташы керек. Ошондой эле каршы тилкелерге чыкпоо зарыл.