Жергиликтүү кеңешке шайлоолордун бюллетендери 22-мартка чейин бекитилиши керек. БШКдан билдиришкендей, ал эми документтерди даярдап, аларды аймактык шайлоо комиссияларына 1-апрелге чейин жеткирип берүү зарыл.
Шайлоого 2 күн калганда бюллетендер тилкелерге жеткирилет. Эске салсак, добуш берүү 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт. Анын 28и шаардык кеңештер.