Бишкек – Ош унаа жолунда 113 миң куб метр кар атып түшүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алдын алуу чаралары
трассанын Чычкан капчыгайы жана Көчкү-Булак тилкесинде жүргүзүлдү.
Атып түшүрүү үчүн 38 снаряд колдонулду. Коопсуздукту камсыздоо жана
кырсыктардын алдын алуу максатында жасалып жаткан иштер 20-февралга чейин уланат