Кыргызстанда COVID-19дан дагы 73 адам сакайып чыкты.
Республикалык штабдан билдиришкендей, айыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке,
Чүй жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Ушуну менен өлкө боюнча пандемия
башталгандан бери жалпысынан 82 миң 525 адам коронавирусту жеңип чыкты