Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жан Чапчыма ашуулары кардан тынымсыз тазаланып жатат

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк жан Чапчыма ашуулары кардан тынымсыз тазаланып жатат.

Жеринде оор техникалар жана жумушчулар иштөөдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей,

өлкөнүн тоолуу аймактарына багыт алган айдоочулардын жанында тайгактыкка каршы чынжырлары болушу зарыл.

Ошондой эле айдоочулар кооптуу аракеттерди жасабай, каршы тилкеге чыкпашы керек.

Кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан, унаалар ортосундагы 500 метр аралык сакталышы шарт.