Google Россияга 3 миллион рубль айып төлөдү.
«Роскомнадзор» билдиргендей, корпорацияга мындай чара
Россияда тыюу салынган маалыматты издөө формасынан алып салбаганы үчүн көрүлдү.
Өлкө мыйзамына ылайык, интернеттеги маалымат издөө формасы тыюу салынган
сайттарды чыгарбашы керек. Эске салсак, Google былтыр
Россияга 1,5 миллион рубль айыпка жыгылган.