Казакстанда кыргызстандык эмгек мигранттары тууралуу маалыматтар электрондук эмгек биржасында жеткиликтүү болот

Казакстанда кыргызстандык эмгек мигранттары тууралуу маалыматтар электрондук эмгек биржасында жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Казакстандын эмгек министринин биринчи орун басары Акмади Сарбасов билдирди.

 

Ал эскерткендей, кыргызстандыктар коңшу өлкөдө уруксат кагазы жок эле ишке орношо алат. Бул ЕАЭБ макулдашуусунда каралган. 2020-жылы Казакстанда иштеген Кыргызстан жарандарынын расмий саны 8 миңди түздү, — деди Сарбасов.